• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Абылгазиевдин кыргыз күрөшкө күйөрмандык кылып отурган сүрөтү тарады

30 Аяк оона 2021 9:07 Бишкек Govori.TV

Кожомкул атындагы спорт сарайында 29-сентябрь күнү кыргыз күрөш боюнча эл аралык мелдеш болуп өттү.

Кыргыз күрөш федерациясы билдиргендей, турнирге Казакстан, Өзбекстан, Иран, Орусия жана Кыргызстандын балбандары катышты.

Аталган мелдештин финалдык бөлүгүн көрүү үчүн президенттик аппараттын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, президенттик аппараттын иш башкармалыгынын башчысы Бактыбек Кудайбергенов, спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Канат Шабданбаев, оор атлетчи Каныбек Осмоналиев жана башка Жогорку Кеңештин айрым депутаттары барган.

Ошол эле учурда социалдык тармактарда көрүүчүлөрдүн катарында отурган мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Мелис Турганбаевдин сүрөтү тарады.

Количество просмотров: 960