• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Абылгазиев кетип жатып, өзүнүн өкмөтүн мактады

16 Кулжа 2020 16:09 Бишкек Govori.TV

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөт мүчөлөрүнүн милдетин аткаруучулар жана Өкмөттүн Аппаратынын жамааты менен жолугушуу учурунда өзүнүн өкмөтү 2000-жылдан кийинки биринчи жолу элдин алдында Өкмөттүн отчётун үч жолу ийгиликтүү тапшырган Өкмөт болгонун айтты.

«Биз 3 жолу өлкөнүн реалдуу бюджетин бекиткен жана аны ашыгы менен аткарган Өкмөт болдук, андан тышкары антикризистик бюджетти бекиттик. ИДПнын көлөмү 2018-жылы – 3,8% болсо, 2019-жылы – 4,5% өсүштө болду, ал эми ИДПнын номиналы 2016-жылы – 476 млрд сом болсо, 2018-жылы – 569 млрд сом болсо, 2019-жылы – 590 млрд сомду түздү, же өсүш 114 млрд сомго көбөйдү (+20%). Бюджет 2018-жылы –135 млрд сомго барабар болсо, 2019-жылы – 148,4 млрд сомго жетип, 13 млрд сомго өскөн. Ал эми 2020-жылы COVID-19 пандемиясына чейин бюджетти 163,7 млрд сомго дейре жеткирүү болжолдонгон, — деп билдирди Абылгазиев.

Ошондой эле Абылгазиев президент Сооронбай Жээнбековго жана элге ыраазычылык билдирди.

«Президент Сооронбай Шариповичке Өкмөттүн атынан ыраазычылыгымды билдирем. Биз ал кишинин колдоосун биринчи күндөн тартып сезип турдук. Президентибиздин ишине, баштаган реформаларынын баарына чоң ийгиликтерди каалайбыз. Жогорку Кеңештин депутаттарына жана төрага Дастан Жумабековго Өкмөт менен конструктивдүү иш алып баруусу үчүн ыраазычылык билдирем», — деп билдирди Абылгазиев.

Ал кызматынан кетүүсү саясий чечим болгонун, мамлекетке жана элге жоопкерчиликтүү жана таза иштөө башкы принциптеринин бири экенин айтты.

«Акыркы мезгилде Өкмөттүн, анын ичинде менин атыма фактылар менен тастыкталбаган сөздөр Жогорку Кеңеште да айтылып кетти. Бул мени катуу тынчсыздандырды. Сын-пикирлер Өкмөттүн атына дайыма айтылып келген, бирок Өкмөттүн кадыр-баркына, аброюна шек келтирген далилсиз сөздөр мени ойлондурду. Дагы бир жолу баса белгилеп айтам: Менин жыштыктар боюнча иштерге эч кандай тиешем жок!» — деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Количество просмотров: 121