• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Абылгазиев Кызыл Омпол боюнча: Биздин максатыбыз акча таап, бюджетти толтуруу эмес (Видео)

22 Чын куран 2019 15:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.04.2019.Govori.TV.


Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Кыргызстандагы ЮрАзия» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү боюнча кеңешме өткөрдү жана Ысык-Көл облусунун Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун аймагында жайгашкан Кызыл-Омпол уран кенинин ишин экологиялык экспертиза аяктаганга чейин токтотуп турууну тапшырды.

“Мен силерге тапшырма берем, ушул Өкмөттүк комиссиянын ишин тездетип, абдан дыкат изилдеп чыгып, ошондон кийин гана биз чечим чыгарышыбыз керек и сөзсүз түрдө комиссиянын курамына Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан жана активдүү жарандардан кошолу. Сөзсүз экология тармагында ушундай кендердин таасири боюнча адистерди тартып комиссиянын алкагына, ишине. Бул жерде биз Кыргызстанда бардык саясат ачык айкын жүрүш керек, өзгөчө жарандардын ден соолугуна жана экологиябызга. Эгерде биздин жарандарыбыздын ден соолугуна, экологиябызга зыян келтире турган болсо, анда бул кенди иштетпешибиз керек. Жок, технологиялардын баары забанбап болот, адамдардын ден соолугуна зыян келбейт, жаратылышыбызга, экологиябызга зыян келбейт, бузулбайт дей турган болсок, башкача чечим кабыл алышыбыз керек. Азыр дагы ушул комиссиянын ишинин жыйынтыгы чыкмайын, ишкана ишин толугу менен токтотуп, алар дагы ушул комиссиянын ишине керек болгон материалдардын барын берип, анализдерин берип, андан кийин ишибизди башташыбыз керек. Мүмкүн болушунча тез арада бар же жок деп айтышыбыз керек”,-деди премьер-министр.

Ошондой эле, Мухаммедкалый Абылгазиев Өзгөчө адамдардын ден соолугуна жана экологиябызга кандай таасири бар ушуга жараша мамиле кылышыбыз керек, деп белгиледи.

«Биздин максатыбыз акча таап, бюджетти толтуруу эмес, эң биринчи экология маселеси болуш керек. Муну бардыгы түшүнүүгө тийиш. Жарандарыбыз кандай ойлосо, кандай тынчсызданса, мамлекеттик кызматкерлер да жаратылыш үчүн, өзүбүздүн денсоолугубуз үчүн ошондой эле тынчсызданабыз. Ошол үчүн муну да көнүлүңүздөрдөн чыгарбашыңар керек”,-деди премьер-министр.

Премьер-министрдин айтымында, бүгүнкү күнү бул участокто эч кандай казуу иштери жүргүзүлгөн жок жана комиссиянын иши аяктап, бардык оң экспертизалар алынганга чейин жүргүзүлбөйт дагы. Маалымдама: «Кыргызстандагы ЮрАзия» ЖЧКсы КРда 2004-жылы катталган, 2010-жылы 18-ноябрда компания Кызыл-Омпол лицензиялуу аянтынын кенин геологиялык изилдөө максатында колдонууга 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөткө укук алган. 2013-жылдын 10-июлунда лицензия уран, торий, цирконий, темир, титан, фосфор, сейрек кездешүүчү топурак элементтерин жана талаа шпатын геологиялык чалгындоо иштерине багытталып кайра түзүлгөн. 2012-жылдан тартып жалпысынан «Кыргызстандагы ЮрАзия» инвесторлору геологиялык чалгындоо программаларына 271 миллион сом салышкан. Компания Тоң районунун ири жана негизги салык төлөөчүлөрүнүн бири болуп саналат. Уран иштетүүгө артыкчылыктуу участок катары Таш-Булак кени саналат, анда геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Таш-Булактагы уран кени учурда сырьенун жоктугунан токтоп турган Кара-Балта Тоо-кен комбинатына сырье жөнөтүү үчүн негизги жергиликтүү булак болуп саналат. Уран кенинде 250дөй жумуш ордун, ал эми КБТКда – 450 жумуш ордун түзүү пландалууда.

Количество просмотров: 14