• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Абылгазиев Мамкаттоонун жаңы жетекчисине азыраак сөгүн деди

25 Чын куран 201912:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек.25.04.2019.Govori.TV.

ЖК депутаты Исхак Масалиев: «Мамлекеттик каттоо кызматынын жаңы жетекчиси отурат, ал элдин баарына таанымал болду. Балким, жакшы жигиттир, бирок бирөөгө зыян келтирем деп коркутуп жаткан адам кантип келип калды, андан башка адис жок беле?» — деп сурады.

Буга Абылгазиев: «Эми ушундай болуп калыптыр. Эркек киши жанагындай болуптур, эми мындай болбойт деп ойлойм. Ага жанагы сөздөрдү азыраак колдон деп айттым», — деп жооп берди.

Эске салсак, Алмаз Мамбетов 2018-жылы август айынын ортосунда Facebook баракчасы аркылуу айрым жарандардын сын-пикирине орой сөздөр менен жооп берип, бул жоругу социалдык тармакта кызуу талкуу жараткан. Кийинчерээк Балыкчы шаарынын мэриясы Facebook баракчасы аркылуу Мамбетовдун социалдык баракчасын ниети каралар бузуп кирип, орунсуз сөздөрдү жазды деп актанууга аракет кылган.


Количество просмотров: 36