Мухаммедкалый Абылгазиев социалдык төлөмдөр, пенсия жана маяналар өз убагында мыйзамга ылайык төлөнөөрүн айтып, каражат жетиштүү экенин белгиледи. Аны менен бирге Абылгазиев, Соцфонддун башчысы Медер Ирсалиевдин, эгер салык боюнча план аткарылбаса 2020-жылдын башында пенсия төлөнбөй калышы мүмкүн деген билдирүүсүнө жооп айтып, пенсия боюнча маселе жаралбай турганын айтты.
“Биз каражатты чогултуу милдетин Соцфонддон Салык кызматына өткөрүп бердик. Системаны өз ордуна коюп жатабыз. Сиз бул нерселерди айтып жатканыңыз үчүн кетишиңиз керек. Муну министрлер эмес, эксперттер, аналитиктер айтса болот. Эгер тобокелчиликтер болсо азыр айтыңыз”, – деди ал.
Ал эми Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги КР Социалдык фондунун жетекчилигинин камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо боюнча артта калуунун кесепетинен келерки жылдын январь-февраль айларында пенсияны төлөө боюнча коркунуч бар экендиги тууралуу бир нече жолу айткан сөзүнө карата төмөнкүлөрдү билдирүүнү зарыл деп эсептейт.
Салык кызматы камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча жеткирилген пландык көрсөткүчтөрдү толук көлөмдө аткаруу үчүн бардык зарыл болгон таасирдүү чараларды көрүүдө. Ар бир субъект боюнча конкреттүү аналитикалык иштер жүргүзүлүп жатат.
Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгында 1,5 млрд сом суммасында кем жыйналгандыгы тууралуу Социалдык фонддун төрагасынын билдирүүсү боюнча тактай кетсек, Салык кызматынын комплекстүү иштөөсүнүн натыйжасында 8 айдын жыйынтыгында 20,3 млрд сом чогулуп, 6 айдагы жыйналбай калган сумма азайтылып, ал 800 млн сомду түзгөн.
Сентябрь айынын жыйынтыгы менен планды 80 млн сомго ашыкча аткаруу күтүлүүдө. Ал эми үстүбүздөгү жылдын акыркы 3 айынын ичинде биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча артта калууларды эске алуу менен 10,1 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо зарыл.
Жалпысынан 2019-жылы Салык кызматы 33 млрд 144,5 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултушу керек.
Салык кызматы камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо боюнча алынган темптерди эске алуу менен бул белгиленген план ишке ашырыларын ишенимдүү түрдө ырастайт.
Ведомство жер-жерлерде камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тийиштүү суммаларын өз убагында жана толук өлчөмдө төлөөнүн зарылдыгы жөнүндө төлөөчүлөр менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Натыйжа катары алганда, берилген камсыздандыруу полистеринин санынын көрсөткүчтөрү өткөн жылга салыштырмалуу 2 эседен ашык көбөйдү.