• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Абылгазиев министрлерди эмне себептен кызматтан алынганын айтты

29 Бугу 201910:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.05.2019.Govori.TV.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн төрт мүчөсү эмне себептен кызматтан алынганын бүгүн ЖКнын жалпы жыйынында түшүндүрдү.

«Экономика министрлигинин негизги иши болгон инвестиция тартуу жаатында бир топ кемчиликтер болду. Айыл чарба министрлигинде экспортту өнүктүрүү боюнча коомчулукта узак убакыттан бери нааразычылыктар болду. Бул министрликте өкмөт бардык шарттарды түзүп берди, бирок натыйжа коом каалагандай болгон жок. Ал эми маалыматтык технологиялар жаатында жетекчилер кызматтык ишеним көрсөтпөөдөн улам ишинен кетти. Муну өздөрү да сезишти»,- деп ойлойм.

Учурда Жогорку Кеңеш бош кызмат орундарына өкмөт сунуштаган талапкерлерди карап жатат.

Өкмөттүн аппарат жетекчилигине Шамил Асымбековдун ордуна Самат Кылжыев, экономика министри кызматына Олег Панкратовдун ордуна Санжар Муканбетов, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрине Нурбек Мурашевдин ордуна Эркинбек Чодуев, ал эми Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы кызматына Бакыт Шаршембиевдин ордуна Дастан Догоев.

Количество просмотров: 19