• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Абылгазиев, Ниязов, Сулайманов, Айтматова… Журналисттик иликтөө боюнча дагы кимдер УКМКга суракка чакырылат?

2 Бештин айы 2019 14:53 Бишкек Govori.TV

Ведомстволор аралык тергөө тобу журналисттик иликтөөдөгү материалдар боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин улантып жатат. Бүгүн, 2-декабрда «Азаттык» радиосунун журналисттери, анын ичинде иликтөөнүн автору Али Токтакунов суракка чакырылды.

УКМКнын маалыматы боюнча, ошондой эле суракка Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Дүйшөн Төрөкулов, мурунку депутат Ширин Айтматова, жарандык активисттер, президенттин инаугурациясын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү Фарид Ниязов, Мухаммедкалый Абылгазиев, Турдуназир Бекбоев жана башкалар чакырылат.

УКМК сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында бажы органдарындагы коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдары тууралуу, ошондой эле бул факт боюнча башка тиешелүү маалыматтар болсо тергөө органдарына расмий көрсөтмө берүү үчүн кызматташууга чакырат. УКМКнын нөөмөт бөлүмү: 0 (312) 66-04-75; 0 (312) 62-65-04.

Количество просмотров: 56