• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Абылгазиев: Тез жардам системасын оңдойлу

18 Чын куран 2019 17:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.04.2019.Govori.TV.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарынын Чукул медицина борборунун (ЧМБ) Автоматташтырылган башкаруу тутумунун иши менен таанышты.

Буга байланыштуу өкмөт башчы баса көрсөткөндөй, үстүбүздөгү жылы медициналык тез жардам тутумун модернизациялоого өзгөчө көңүл бурулат.

«Тез жардам чакырылган жерине болушунча ыкчам келиши керек. Мындан биздин жарандардын саламаттыгы, кээ бир учурда өмүрү да көз каранды. Бишкек шаардык тез жардам кызматынын иштелип чыккан автоматташтырылган башкаруу тутумун башка кызматтардын маалыматтык системалары менен интеграциялоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу керек. Бул иш принциби акырындап бүтүндөй республика боюнча киргизилиши зарыл», — деди Абылгазиев.


Количество просмотров: 8