Бишкек. 06.08.2019. Govori.TV
Өкмөт башчы чогулгандардын алдында сөз сүйлөп, жаңы жетекчиге ийгиликтүү жана жемиштүү иш каалады.
«Сиз бажы кызматынын иш өзгөчөлүгүн жакшы билесиз жана мен оңдуу натыйжаларга жетишүү үчүн бардык күч-аракетиңизди жумшайсыз деп ишенем. Мен Премьер-министр катары сизге ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү берем. Бардык посттордо, ар бир иш тилкесинде тартипти камсыздоого тийишсиз. Бажы ишин максималдуу түрдө ачык кылуу үчүн бардык процесстердин ачык-айкындыгын камсыздоо маселесине басым коюшуңуз керек. Көйгөйлөр топтолгон жерлерде активдүү иштерди жүргүзүү маанилүү болуп саналат. Өлкө экономикасы үчүн өз ишинин маанилүүлүгүн түшүнүүгө умтулган, чынчыл жана компетенттүү кызматкерлерди колдоо керек», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Өкмөт башчы ошондой эле кызматкерлердин көңүлүн бажы тутумун фискалдаштырууну, бажы инфратүзүмүн өнүктүрүүнү, заманбап идентификациялык-текшерүү комплекстерин курууну мындан ары карай активдештирүү зарылдыгына бурдурду, бул жүк унааларынын бажы көзөмөлүнөн өтүү ылдамдыгын жогорулатат.