Бишкек.14.08.2019.Govori.TV.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Өкмөт башчы ички жолдордун абалын текшерип, бир нече жалпы билим берүү мектептерин кыдырып, Чаткал жана Ала-Бука райондорунун ички чарбалык суу каналдарын көрүп чыкмакчы.
Мындан тышкары Премьер-министр «Кичи-Чаарат» ЖАК фабрикасынын ачылышына катышат.