• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Абылгазиев журналисттик иликтөө тууралуу пикирин айтты

28 Жетинин айы 201912:40 Бишкек Govori.TV

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте сүйлөп жатып, коррупцияга каршы чыгып жаткан жарандардын талаптарын колдой турганын, коомчулукта талкууланып жаткан 700 млн. доллар боюнча президенттин катышуусунда жыйын болуп, тийиштүү тапшырмалар берилегенин айтты.

Учурда коомчулукта 700 млн. доллар боюнча сөз болуп атат. Бул боюнча биз дагы өзүбүздүн оюбузду айтышыбыз керек. Ачык-айкындуулук, экономикадагы көмүскөгө каршы болуп жаткан жарандардын демилгесин колдойбуз. Бул боюнча иликтөөчү топ түзүлдү. Ал топко кызыкдар жарандар дагы катышса болот. “Азаттык” радиосунун, журналисттердин берген фактылардын баарын изилдеп чыкканга президент болуп жыйналыш өтүп, тапшырма берилди, — деди ал.

Количество просмотров: 72