• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Абылгазиевден жооп: Фитнес-клубду ачкандан жаман жорук көргөн жокпуз

14 Тогуздун айы 201919:50 Бишкек Govori.TV

Социалдык түйүндөргө өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин фитнес-клубдун ачылышына катышкан сүрөтү жарыяланып, коомдо талкуу жараткан эле.

Ал эми өкмөт башчынын басма сөз кызматы бул маалыматка жооп берди:

«Өткөн жумада Премьер-министр BIF-2019 Бишкек инвестициялык форумуна катышып, анда сөз сүйлөп, Trade Expo адистештирилген көргөзмөсүнө катышты. Ошондой эле форумдун катышуучулары менен маектешип, Өкмөт тарабынан жүргүзүлүп жаткан, анын ичинде инвестицияларды тартуу жана коргоо чөйрөсүндөгү иштер тууралуу айтып берди.
Чындыгында, форумдун жүрүшүндө айрым катышуучулар, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Премьер-министрге жакын жайгашкан спорттук ден-соолукту чыңдоочу борбордун ачылыш тасмасын бирге кесүүнү сунушташкан. Чогулгандарга сый-урмат көрсөтүү менен Мухаммедкалый Абылгазиев бул чакырууну кабыл алып, чакан аземге катышкан. Биз мындан эч кандай жаман жорукту көргөн жокпуз, бирок айтылган сын-пикирлерди туура кабыл алабыз», — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 110