Бишкек.30.05.2019.Govori.TV.
Коомчулукта чуу жараткан «КТ Мобайл» компаниясынын директорунун мурдагы орун басары Эрназар Иманкадыр уулу компаниядан алган айлыгын кайтарып берди. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
«Компаниядан айлык катары алган 787 миң сомду кайтарып бергеним туура деп ойлойм. Бул кадамым жана компаниядан кетишим «Салам» долбоорунун саясатташуу деңгээлин төмөндөтүп, ийгиликтүү ишке ашат деп үмүттөнөм. Кыргыз мамлекетине өзүнүн улуттук уюлдук оператору керек деп ишенем», — дейт ал.

Ал жарыялаган квитанцияга ылайык: Январь ай үчүн — 157 миң сом;
Февраль айы үчүн — 157 миң сом;
Март үчүн — 157 миң сом;
Биринчи квартал үчүн премия — 157 миң сом жана апрель айы үчүн — 157 миң сом алганын көрүүгө болот.
Эске салсак, Эрназар Иманкадыр уулу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин баласы. Жогорку Кеңеште «КТ Мобайл» компаниясында эң көп айлыкты Эрназар Иманкадыр уулу алганы айтылган. Коомчулукта сын-пикирлер айтылган соң ал 16-майда кызматтан кеткен.