Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда 3-ноябрь күнү кырсык катталып, жүк ташуучу унаа оодарылып кеткен. Ал эми ушул учурда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кортежи өтүп жаткан. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматынын башчысы Улан Джумаков билдирди.
Анын айтымында, премьер-министр токтоп, унаасынан түшүп айдоочунун абалы тууралуу сураган.
«Баары жакшы экенин жана жабырлануучулар жок экенин сурап, билген соң, бул кырсыкты көзөмөлгө алууну тапшырды», — деп кошумчалаган Улан Джумаков.