• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Абытов: Министрлер кабинети «Чет элдик өкүл» мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи

17 Тогуздун айы 2023 11:52 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-октябрда Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов депутат Надира Нарматова демилгелеп чыккан «Чет элдик өкүл» мыйзам долбоору боюнча Министрлер кабинетинин төрагасынын позициясын айтты.

«Бул мыйзам долбоору боюнча үстүбүздөгү жылдын 19-июндагы № 290 тескемеси аркылуу өз сунуштамаларды бердик. Министрлер кабинети «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясын колдойт. Бирок сунуш пикирлерди эске алуу менен мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу зарылдыгын белгилейт»,-деди Абытов.

Кошумчалай кетсек, азыркы тапта Жогорку Кеңеште «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтүп жатат. Ага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, депутаттар жана жарандык активисттер катышууда.

Количество просмотров: 69