Быйылкы жылдын эсебинен 16миңден ашуун адам үй менен камсыз болууда. бул тууралуу бүгүн «Кабар» агенттигинде болгон маалымат жыйында Мамлекеттик Ипотекалык компаниясы ААКтын башкармалыгынын жетекчиси Элмира Абжапарова билдирди.
«Мамлекеттик Ипотекалык компания өлкө боюнча 4500дөн ашык ипотекалык насыя каржылады, алардын жалпы суммасы 5,2млрд. сомдон ашык, анан натыйжасында даяр сатып алынган турак жайлар 266069,56миң кв.метрди түздү, 20825 кв.метр турак жай курулуп пайдаланууда, 16,5миң адам үй менен камсыз болууда», — деди Абжапарова.
Мындан тышкары, Абжапарова ипотекалык насыя алууну шарттарын дагы да жеңилдетүүнүн жолдору каралып жатканын белгилеп өттү.