• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Кубанычбек Кадыров суу иче баштады, бирок ачкачылык акциясын улантууда

12 Бирдин айы 2018 14:14 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 12.02.2018. Govori.TV.
Ачкачылык кармагандардын бири — Кубанычбек Кадыров — суу жана чай иче баштады. Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Баарынын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Кубанычбек Кадыров суу ичти деген маалыматты жакындары кубануу менен кабыл алышты. Анткени, Кадыров диабет менен ооруп, оорусу күчөп, бөйрөгү кармап, инфаркт абалына турган учурдан кийин, суу ичкенге мажбур болду, деп туугандары кабарлашты.

Бирок ачкачылык акциясын Кубанычбек Кадыров улантып жатат, деп билдиришет туугандары.

Ачкачылык кармагандардын тарапташтырынын айтымында, бийлик тарабынан эч бир кабар жок. Жогорку Кенеш көңүл бурабы деп турушат. Парламент депутаттары оппозициячыл саясатчылардын сот иштери жана ачкачылык акциясына байланышкан маселелерди талкуулай элек.
Бугун Бектур Асановдун ачкачылык жарялаганына 14 күн болот, Эрнест Карыбеков-13 күн, Кубанычбек Кадыров- 12 күн.
Адвокаттардын  белгилешинче, алар бийликке койгон талабынан баш тарткан жок. “УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетишин талап кылып жатышат. Мындан тышкары, ачкачылык кармап отурган саясатчылар соттук жараянды мыйзамдуу нукка салууга таасир этүүнү өтүнүп президентке, Жогорку Кеңешке жана өкмөт башчыга кайрылышкан. Алар эч далилсиз соттолуп жатканын, бийликтин саясий туткунуна айланганын билдиришкен.
Эскерте кетсек, бийликти күч менен басып алууга аракеттенген, деген айып менен камакта отурган Бектур Асанов 2-февралдагы Бишкек шаардык сотундагы жараянда УКМК жетекчиси Абдил Сегизбаевдин отставкага кетишин талап кылды. Бектур Асанов сөз сүйлөп, анын талаптары аткарылбаса, акырына чейин ачкачылык кармап, кийинки процесске мажбурласа да келбей турганын, адвокаттардан баш тартарын айткан. «Үчөөбүз тең акыр-аягына чейин саясий ачкачылык кармайбыз. Же Сегизбаев кетет, же биз үчөөбүз өлөбүз. Мен адвокаттардан баш тартам. Мамлекеттик адвокаттарды да албайм. Көтөрүп келсеңер да келбейбиз”, – деген сөзүн айыпталуучулардын жакындары жана Бишкектеги «Саясий туткундарды коргоо комитети» уюму интернетке жарыялаган.
«Мамлекеттик сыр» деген негизде райондук жана шаардык сот саясатчылардын ишин жабык териштирди.
Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагында ачкачылык кармаган саясатчыларды догдурлардын көзөмөлүндө кармоо үчүн Бишкектеги №47 абакка которушкан.
Количество просмотров: 41