Ачкачылык кармап жаткан камактагы саясатчылар Кубаныч Кадыров менен Эрнест Карыбековду бүгүн, 15-февралда биринчи убактылуу кармоочу жайга которушту (СИЗО-1). Ал эми Бектур Асанов али 47-колонияда кармалууда.
Ачкачылык кармаган саясатчылардын жакындары 14-февралда Жогорку Кеңештин алдында акцияга чыгып, президенттен жана соттордон аталган саясатчыларга көңүл бурууну, алардын ишин калыс кароону, УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетишин да талап кылышкан.
«УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев кызматтан кетсин» жана «соттор адилет чечим чыгарсын» деген талаптар менен камактагы Бектур Асанов 30-январдан, Карыбеков 31-январдан, Кадыров 1-февралдан бери «кургак ачкачылык» кармай баштаган. Алар «бийликти күч менен басып алууга аракеттенген» деп 2016-жылы камалган. Сот Асанов менен Карыбековду 12 жылга, Кадыровду 20 жылга түрмөгө кескен.
Абактагы күч колдонуу жана ачкачылык жарыялоо. Акыйкатчылык камактагылардан кабар алды
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Институту (Омбудсмен) жалпыга маалымдоо каражаттарына жана социалдык тармактарда камакка алынгандардын укуктары бузулуп …