• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ачкачылык жарыялаган эки саясатчы тамак иче баштады

21 Бирдин айы 2018 13:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 21.02.2018. Govori.TV.

Эрнест Карыбеков менен Кубанычбек Кадыров ачкачылыгын убактылуу токтотту. Аз-аздан тамак жеп, суу иче башташыптыр.

Алар депутаттардын өтүнүчтөрүн жана дарыгерлердин кеңешин эске алганы кабарланууда.

Адвокаттардын айтымында, дарыгерлер ден соолугуңар өтө зыян тартты, өлүп калышыңар мүмкүн, деп ачык эле эскертишиптир.

Эми, саясатчылар, Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын алардын ишин караган текшерүүсүнүн чечимин күтмөй болушту. Ошонун жыйынтыгына карап ачкачылыгын дагы улантышы мүмкүн.

Бектур Асанов ачкачылык акциясын улантууда.

Эскерте кетсек, бийликти күч менен басып алууга аракеттенген, деген айып менен камакта отурган Бектур Асанов 2-февралдагы Бишкек шаардык сотундагы жараянда УКМК жетекчиси Абдил Сегизбаевдин отставкага кетишин талап кылды. Бектур Асанов сөз сүйлөп, анын талаптары аткарылбаса, акырына чейин ачкачылык кармап, кийинки процесске мажбурласа да келбей турганын, адвокаттардан баш тартарын айткан. «Үчөөбүз тең акыр-аягына чейин саясий ачкачылык кармайбыз. Же Сегизбаев кетет, же биз үчөөбүз өлөбүз. Мен адвокаттардан баш тартам. Мамлекеттик адвокаттарды да албайм. Көтөрүп келсеңер да келбейбиз”, – деген сөзүн айыпталуучулардын жакындары жана Бишкектеги «Саясий туткундарды коргоо комитети» уюму интернетке жарыялаган.

«Мамлекеттик сыр» деген негизде райондук жана шаардык сот саясатчылардын ишин жабык териштирди.

Количество просмотров: 26