Абакта ачкачылык жарыялаган Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү президент Садыр Жапаровко кайрылуу жолдошту.
Кайрылуунун толук тексти:
Биз, сиздин түздөн түз буйругуңуз менен, мыйзамсыз жана адилетсиз камалган саясий туткундар К. Душебаев, Р. Джеенбеков, Б. Асанов, Т. Мадаминов, У. Маматаев, Ж. Молдокматов, А. Шабдан, А. Акматов, А. Айтбаев, А. Бейшенбек, Э. Бекчоро, А. Бусурманкулов, М.Баязов, А.Бекназаров жана И. Саргалдак уулу 13-декабрдын таңынан тарта ачкачылык жарыяладык.
Сизге, сот, парламент, укук коргоо сыяктуу мамлекеттик институттарды жокко чыгарып, алардын ыйгарым укуктарын өзүнө өткөрүп, бардык жоопкерчиликти өзүнө алган авторитар президент болсоңуз дагы кайрылууга мажбурбуз. Себеби бардык бийлик сиздин гана колуңузда экенин жакшы билебиз.
Биздин өмүрүбүз жана ден-соолугубуз дагы сизге баары бир экенин жакшы түшүнөбүз. Ошентсе дагы, кайрылалы деп чечтик.
Сиз бийлике келгени, Кыргызстан дүйнөдөгү авторитардык өлкөлөрдүн катарына кирди. Ал эми бул жылдан тарта сиз жана УКМК жетекчиси К. Ташиев зөөкүр авторитардык бийлик орнотуу аракетин баштадыңар. Буга, кыргыз жараны, сизди жана УКМК жетекчиси К. Ташиевти байма бай сындап келген Б. Темировтун мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылышы, сиздин дагы башыңызга оор күндөр түшкөндө сизди байма бай чагылдырып жүргөн, элдин жана эркиндиктин үнү болгон Азаттыктын сайтынын жабылышы, эркин жана сын айткан жарандардын, блогерлердин куугунтукталышы жана Кемпир-Абадты Өзбекстанга сиздин өткөрүүңузгө каршы болгон оппозициянын, укук коргоочулардын, активдүү жарандардын жана депутаттардын камалышы жана куугунтукталышы далил.
Биз сизге, кыйналып темир тордун артында отурсак дагы, жакындарыбызга, санаалыштарыбызга ар кайсы укук коргоо органдары тарабынан куугунтук, басым болуп атса дагы, Кыргызстанда эркиндик, демократия үчүн күрөшкөн, күчтүү саясий оппозиция, күчтүү жарандык коом, күчтүү укук коргоочулар жана күчтүү журналисттер бар экенин далилдейбиз.
Сизден, ачкачылык аркылуу, фальсификацияланган Кемпир-Абад иши боюнча, мыйзамсыз камалган, сиздин апаңыздын курагындагы балдарын жалгыз бой баккан, үй бүлөсүндө жалгыз багуучу болгон саясий туткундар, аял лидерлерди түрмөдөн чыгарууңузду талап кылабыз.
Ачкачылык кармаган, Кемпир-Абадты коргоо комитетинин мүчөлөрүнүн өмүрү жана ден-соолугуна мындан ары сиз УКМК жетекчиси К. Ташиев керт башыңар менен жооптусуңар.
Бир гана талабыбыз, бизди болбосо дагы, аялдын атын, затын, улуулугун, азыркы абалдарын сыйлап абактан бошотуңуз.