• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Ачык айт: БШКнын шайлоо күнүн белгилеген чечими чырга айлануусу мүмкүнбү? (Түз эфир)

21 Тогуздун айы 2020 17:10 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңешке кайра шайлоо 20-декабрда өтөт. Бул тууралуу чечимди БШК 21-октябрда кабыл алды.

Ошол эле учурда, Жогорку Кеңештин жыйынында шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү маселеси талкууланып башталды.

Эске салсак, парламенттик шайлоо 4-октябрда өтүп, ага катышкан 16 партиянын төртөө жеңишке жеткени кабарланган. Эртеси күнү Бишкекте башталган нааразылык акциясынан кийинки жапырт тополоң өлкөнү саясий кризиске алып келген. БШК шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарган. Президент да отставкага кеткендиктен, мыйзам боюнча үч ай аралыгында мамлекет башчысын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүшү керек.

«Бүтпөгөн шайлоонун шарапаты эми башталат» деген тема «Ачык айт» программасында талкууланат.

«Ачык айт» дискуссиясынын катышуучулары: Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ишенбай Кадырбеков жана коомдук ишмер Мирбек Асангариев

Количество просмотров: 252