• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Адахан Мадумаров: Алдына 4-5 «кукланы» коюп алып бийликке түрдүү адамдар келип жатат

14 Үчтүн айы 2020 18:07 Бишкек Govori.TV

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы быйыл боло турган парламенттик шайлоого катышуу ниетинде. Ал маалымат жыйында суроолорго жооп берип жатып, сайсий уюмдун съезд өткөрө турганын айтты. Анда депутаттыкка талапкерлердин тизмеси түзүлөт. Форумдун өтө турган күнү Жогорку Кеңешке шайлоо датасы расмий жарыялангандан кийин белгилүү болот. Партиялык тизмени Адахан Мадумаров өзү жетектейт.

«Биз сөзсүз, шайлоого барабыз. Биздин съезддер шайлоо күнү белгиленгенден кийин өтө баштайт. Ал эми кайсы бир партия биз менен биригүүгө кызыкдар болсо, биз ачыкпыз. Бирок «биригүү» деген көзгө өтө кылдат карап калганбыз. Биригүүнүн алдында башка, биригип иш жүрүп жатканда башкача өзгөрүп кеткендерден абайлоо керек. Бул үчүн шайлоодогу мыйзамдар иштеши зарыл. Жалпысынан биздин партияда 110 миң мүчө бар. Парламенттик шайлоо — коомду таразага салат, канчалык туруктуу, канчалык аң сезими өнүккөндүгүнөн кабар берет», — деди Мадумаров.

Мындан тышкары саясатчы басма сөз жыйында расмий түрдө Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго кайрылуу жолдой турганын билдирди. Буга Орусияда эмгектенип жүргөн Кыргыз жарандарынын шайлоодогу укуктары сакталбай жаткандыгы себеп болгонун айтат.

Количество просмотров: 279