• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Адахан Мадумаров Конституциялык сотко сунуштама берди

23 Бештин айы 2022 12:24 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 2022-жылдын 22-декабрында Жогорку Кеңештин парламенттик фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна, «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы № 284 «Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө» жана 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 328 Жарлыктарын конституциялык эмес деп табуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7-беренесинин жана 4-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келет деп, сунуштама берди.

«Элдик Курултайдын макамы Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген. Ошентип, бул Элдик Курултайды Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7-беренесине ылайык мыйзамдаштырууга, конституциялык мыйзамды кабыл алуу менен камсыз кылынууга тийиш. Бирок, белгиленген конституциялык талаптарга каршы, Президенттин Жарлыгы Элдик Курултайдын ишин уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартибин жөнгө салат, бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына түздөн-түз карама-каршы келет.

2022-жылдын 26-ноябрында Бишкекте өткөн эки күндүк биринчи Элдик Курултайдын жыйынтыгында мыйзамсыз жана күмөн токтом кабыл алынган. Жыйынга аймактардан 1036 делегат, конфессиялык коомчулуктан 10 делегат, мигранттардан 26 делегат, бардыгы болуп 1072 делегат катышты. Ушундан улам, кабыл алынган чечимдердин баары мыйзамсыз деп табылат»,-деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 297