• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Адахан Мадумаров Курсан Асанов боюнча чукул кайрылуу жасады

15 Тогуздун айы 2020 11:11 Бишкек Govori.TV

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров 2 айга камакка алынган Курсан Асановго байланыштуу чукул кайрылуу жасады.

Мадумаровдун билдирүүсүнүн видеосу социалдык түйүндөргө жарыяланды.

«Менин кезектеги кайрылуума өлкөдөгү кырдаал себеп болду. Кайрылуум белгилүү тополоңдордон кийин кармалып жаткандар боюнча анын ичинде Курсан Асановго байланыштуу. Курсан Асанов менин билишимче мойнуна коюлуп жаткан айыптардан алыс. Асанов ИИМдин кызматкерлеринин жана ардагерлердин тынчытыкты орнотуп бер деген суранычы менен барган. Себеп дегенде карап турууга мүмкүн эмес болчу. Министрлердин баары качып кеткендиктен ушул иш болду. Өз кызматын таштап, качып кеткен министрлердин жоопкерчилигин караш керек. Ансыз мамлекеттик тартип орнобойт. Мен жаңы келген өкмөткө, президентке, парламентке башка мамлекеттик органдарга кайрылам. Адам укугун тебелегенди токтотушубуз керек»,-деди Мадумаров.

Эске салсак, 12-октябрда, Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда ички иштер министринин кс-орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасы каралган. Соттун чечимине ылайык 2 айга Бишкектеги №1 убактылуу абак жайына 2 айга, 13-декабрга чейин камоо чечими чыкты. Ал «массалык башаламандыкты уюштурган» деген айып менен 9-октябрда кармалган.

Количество просмотров: 5341