• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Адахан Мадумаров шайлоодон өтпөй калса, жаңы бийлик менен кандай шартта кызматташа турганын айтты

10 Үчтүн айы 2021 11:16 Бишкек Govori.TV

Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров шайлоодон өтпөй калса, жаңы бийлик менен кандай шартта кызматташа турганы боюнча суроого жооп берди.

«Конституциялык нукка киришсе, туура эмес иш-аракеттерин моюндарына алып, 5-октябрдан берки кабыл алган чечимдерин жокко чыгарып, конституциялык талаада иштейбиз деп убада беришсе, карап көрөбүз», — деди Мадумаров.

Эскерте кетсек, президенттикке талапкер Адахан Мадумаров, бүгүн 10-январда кезексиз президенттик шайлоодо жана өлкөнүн башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда Бишкектеги №1211 шайлоо тилкесинде добуш берди.

Бүгүн, 10-январда 8:00дө Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум башталды.

Үгүт өнөктүгү 15-декабрда башталган. Президенттик жарышка адегенде 18 талапкер чыккан, анын бири талапкерлигин алып салып 17си калган. Ал эми башкаруу формасы боюнча БШКга каттоодон өткөн “макул”, “каршы” топтору да өз үгүт иштерин жүргүзүштү.

Количество просмотров: 20036