• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

«Адам сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү» мыйзамы талкууда

6 Аяк оона 2022 17:22 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-сентябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев белгилегендей, мыйзам долбоору адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү механизмдерин өркүндөтүү, мыйзамдын нормаларын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясына ылайык келтирүү, ошондой эле мыйзамдарда орун алган кемчиликтерди жоюу максатында иштелип чыккан.

Талкуу маалында депутат Русланбек Жакышов чет өлкөгө иштегени кетип, алдамчылардын айынан ара жолдо калган мекендештер арбын экенин белгилеп: “Алсак, жакында эле мага кайрылуу келип түштү. Тагыраагы, Түркияга ишке чакырылып, бирок Сирияга барып калган кыргыз кыз-келиндери учурда аталган өлкөдө абакта кармалып жаткан экен. Андыктан бул маселе өтө курч”,– деди. Муну менен катар адам сатуунун курмандыгы болгондор боюнча статистикалык маалыматтар кандай экенине кызыкты.

Өз кезегинде ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев былтыркы жылы адам сатуу фактысы боюнча 9 кылмыш иши козголгонун маалымдап, быйылкы жылы 3 кылмыш иши иликтенип жатканын кошумчалады. Андан тышкары, башка мамлекеттерге да ишке чакырып, алдап кеткен окуялар да бар экенине токтолду. “Ага ылайык, биздин жарандар көп барган мамлекеттер менен келишимдерди түзүп, анын алкагында тиешелүү жумуштар аткарылууда”, – деди баяндамачы.

Талкуудан соң тармактык комитет мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.

Количество просмотров: 172