• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Адамды сабап, бычактаган шектүү кармалды

24 Аяк оона 202413:22 Бишкек Govori.TV

Милиция кызматкерлери бир адамды сабап качып кеткен 31 жаштагы адамды кармашты. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

29-июлда Токмок шаарындагы 3-кичирайондо эки адам спирт ичимдигин ичишкен. Экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралып, мушташып кетишкен. 31 жаштагы К.Т. 39 жаштагы Т.Д. аттуу адамды сабап, ага бычак сайып, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Жабырлануучу ооруканага жаткырылган.

Бул фактынын алкагында “денеге оор залал келтирүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертиза дайындалган.

Кылмышка шектүүнүн ким экени аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө амалдары жүрүүдө.

Количество просмотров: 302