ГовориТВ маалымат агенттиги Ойлон долбоордун алкагында подкасттарды улантат. “Ойлон” долбоору адамдарды кандайдыр бир маалыматты таратуудан же ага ишенүүдөн мурун ойлонууга үндөйт. Подкаст пропаганда жана фейктерге каршы критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө багытталган.
Бүгүн биз фейк маалыматтардын тамырына терең көз жүгүртөбүз. Эмне үчүн жөнөкөй, билимдүү адам дагы кээде таптакыр негизсиз теорияларга ишенет? Бул жөн гана сабатсыздыкпы же бул — табигый психологиябы?
Студиябызда – саясат таануучу жана коомдук аналитик Эмил Жороев мырза.
Эмил Жороев менен болгон бул маекте, адамдар эмне үчүн чындыкка эмес, кээде жомокко окшош теорияларга көбүрөөк ишенишет? Бул – билим жетишсиздигинин белгисиби же бул адамдардын коопсуздукту издөөнүн формасыбы? Конспирология эмнеге өтө “жайылма” болуп калды – бул соцтармактардын таасириби? Ушул сууролорго жооп изделди.
Мындан тышкары, жалган маалыматты колдоону “ишеним кризиске” алып келеби? Дезинформациянын механизми жана фейктердин салты, фейк кантип түзүлөт жана эмне үчүн ал абдан “ишенимдүү” сезилет? Мындай контентте кайсы психологиялык триггерлер колдонулат? (Коркуу, шектенүү, “бизге каршы” идеясы). Ушул темалар да талкууланды.