Бишкек.23.08.2019.Govori.TV.
КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов суракка чакырылды. Бул тууралуу Турдукулов социалдык түйүндөгү баракчасына жазды.
Анын айтымында, чакыруу Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан жөнөтүлгөн. Сурак 23-августта саат 17:00дө баштала турганы жазылган. Ал 7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуяларга байланыштуу.