• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Адилет Балтабайдын иши боюнча акыркы соттук отурум 11-ноябрда өтөт

1 Жетинин айы 2022 14:25 Бишкек Govori.TV

Камактагы жарандык активист Адилет Балтабайдын иши боюнча акыркы соттук отурум 11-ноябрда өтөт.

Бүгүнкү сот жараянында мамлекеттик айыптоочу лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, активисттин билдирүлөрүндө «мыйзамдын талаптарына баш ийбөөгө чакыруу, калайман нааразылык акцияларына чыгууга үндөөнүн белгилери бар» экенин айтты. Ал жеңилдетүүчү жана башка жагдайларды эске алуу менен блогерди беш жылга эркинен ажыратуу тууралуу өтүнүч келтирди.

Эскерте кетсек, Адилет Балтабайга «массалык башаламандыктарга чакырык жасоо» беренеси боюнча кылмыш иши ачылган. Учурда ал тергөө абагында камакта отурат.

Количество просмотров: 109