Бишкек.10.08.2019.Govori.TV
«Адилеттүүлук үчүн» комитети «Апрель» телеканалынын жабылышын сөз эркиндигине, көз карандысыз медиага басым катары баалайт.
Кыргыз бийлигигинин эркин жана оппозициялык маанайдагы медиага болгон кысымдары күчөп жатат. Кечээ күнкү «Апрель» телеканалынын жабылышы да буга далил.
Элдин эркин маалымат алуу укугун чектөө, альтернативдүү жалпыга маалымдоо каражаттарын жабуу, аларды коркутуп-үркүтүү демократиялык өнүгүү жолун тандаган мамлекеттерге жат көрүнүш болушу керек.
«Адилеттүүлүк үчүн» комитети Кыргыз бийлигин эркин жана оппозициялык прессага болгон кысымдарын токтотууга, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын нормаларын сактоого чакырат.