• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Адилхан Нурланбеков Азия чемпионатында коло медалга ээ болду

20 Чын куран 2022 18:03 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык балбан Адилхан Нурланбеков Монголиядагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында коло медалга ээ болду.

Адилхан Нурланбеков 72 кг салмакта коло үчүн күрөштө өзбекстандык Мирзабек Рахматовго каршы чыкты.

Азия чемпионатынын биринчи күнүндө Акжол Махмудов (77 кг) жана Тынар Шаршенбеков (63 кг) алтын медаль багындырса, Роман Ким (130 кг) коло медалга татыган. Экинчи күнү Жоламан Шаршенбеков (60 кг) алтын байгеге ээ болду.

Чемпионат 19-24-апрель аралыгында Улан-Батор шаарында өтүүдө.

Количество просмотров: 112