Бишкектеги стационарда ыктыярчы болуп иштеп жатып көз жумган Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 5-курсунун студенти Адинай Мырзабекованын сөөгү жерге берилди.
21 жаштагы ыктыярчы кыздын өлүмү коомчулукта талкуу жаратып, ар кыл кептер айтылды.
Кечээ өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков да анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты. Мамлекет башчы учурдагы оор кырдаалда кадрлардын жетишсиздиги ыктыярчыларды, алардын ичинде медициналык факультеттердин жогорку курстарынын студенттерин ишке тартууга мажбур кылганын белгиледи.
Ал эми соцтармактагы колдонуучулары да өз пикирлерин жазышууда.


Ал эми мурдагы депутат Өмүрбек Бабанов да бул окуя боюнча пикирин жазды.
Жаш кыздын мезгилсиз дүйнөдөн кайтышы эч кимди кайдыгер калтырган жок.




