• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Адвокат: «Ачык айткан пикиримден кийин мени да камашы мүмкүн»

9 Бештин айы 202216:25 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-декабрда КР Акыйкатчысынын демилгеси менен «Кыргыз Республикасындагы адам укуктары тууралуу улуттук диалог» өтүп жатат.

Анда жактоочу Канат Хасанов Кыргызстандагы сөз эркиндигине, адам укуктарын тебелөө болуп жаткандыгын сынга алды.

Ал Кемпир-Абад маселеси боюнча камакка алынган 22 активисттин укугу тебеленип жатканын баса белгиледи.

«Мыйзам алдында бары бирдей. Өз пикирин айтууга тыюу салганга эч кимдин укугу жок»,-деди.

Ал аялдардын укугу боюнча кеп козгоп, 71 жаштагы Асия Сасыкбаеванын, активист Атай Бейшенбектин эч кандай күнөөсү жок эле абакта жатканын айтты.

Мындан сырткары ЖМКга болгон кысым тууралуу да маселени айтты.

«Азаттыкты жапты. Эми Кактусту жабышы мүмкүн. Ушуну көрүп туруп, кайдагы адам укуктары тууралуу кеп кылууга болот?»,-деди адвокат.

Количество просмотров: 74