Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев прокуратурага арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Govori.TVга Дүйшөбаевдин жактоочусу Акын Авазбеков билдирди.
Адвокат Акын Авазбековдун айтымында, Дүйшөбаевди соттук жараянга күч менен алып келишкен.
«Мен 7-майда сотко катыша албастыгымды айтуу менен арыз бергем. Кеңешбек Асанбекович сотко расмий арыз бергенин жүйө кылып, отурумга барбай турганын айткан. 8-май күнү аны күч колдонуу менен унаага салып, сүйрөп сотко алып барышат. Жолдон кан басымы көтөрүлсө дагы «Тез жардам» чакырышкан эмес. Райондук сотко жеткенден кийин дагы 3 саат жатып калган. Биздин жактоочулар жеке менчик «Тез жардам» кызматын чакырышкан, оорканага жаткыруу керектигин айтышса макул болушкан эмес. Колун кайрып, күчкө салып алып кетишкенде кан басымы жогорулап, 5 саат катуу кыйналган. Кечээ Кыйноолорду алдын алуу боюнча борбордон келишти, күч колдонгондордун үстүнөн арыз жазып берди. Мен дагы даттануу даярдап жатам»,-деди Авазбеков.
Авазбеков камактагы Дүйшөбаевдин учурда абалы канааттандырарлык экенин кошумчалады.
Ал эми Жаза аткаруу кызматы «Кеңешбек Дүйшөбаев» сабалды деген маалыматты четке какты.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер 2022-жылдын октябрь айында камалган. Ушул тапта кармалган 27 кишинин 9у тергөө абагында отурат. Калгандары үй камагына чыккан.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган.
Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат.