• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Абактагы Дүйшөбаев тергөөгө нааразы болду

16 Жалган куран 2023 18:08 Бишкек Govori.TV

5 айда 3 жолу гана сурак бердик. Бул тууралуу массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүүгө шек саналган деген шек менен кармалган Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев билдирди.

«Бул иште биздин күнөөбүздү далилдеген бир дагы далил жок. Ошол себептүү «жашыруун» грифин киргизишкен. Абакта отурганыбызга 5 ай болду. Ошол аралыкта 3 жолу гана сурак бердик, андан башка кыймыл аракеттер жок»,-деди ал.

Өткөн жылдын октябрь айында Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразычылыгын ачык билдирип жүргөн 20дан ашуун саясатчы, активист жана блогер камалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген шек менен кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого саясатчы, активисттердин 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгон.

Количество просмотров: 59