• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

«Токулган күнөө». Дүйшөбаев кошумча айып тууралуу…

11 Бугу 2023 18:37 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-майда Июнь окуясы боюнча соттук жараянга алынып келинген Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев «Кемпир-Абад» иши менен кармалган саясатчы, активисттерге коюлган кошумча айып боюнча өз пикирин билдирди.

«Азыркы тергөөнүн жүзү каралыгына сөз жетпейт. Анткени «Кемпир-Абад» иши менен баштап, массалык башаламандыкка барышкан. Эми айлалары кеткенде «бийликти күч менен басып алуу» деп жатышат. Бул дагы токулган айып, эч кандай далил жок»,-деди Дүйшөбаев.

Буга чейин Кемпир-Абад ишинин фигуранттарына дагы бир айып тагылган. Жактоочулардын маалыматы боюнча, бул жолу алар Жазык кодексинин «Бийликти күч менен басып алуу» жана «Бийликти күч менен басып алууга  чакыруу» беренелери боюнча айыпталууда.

2022-жылдын октябрында «Кемпир-Абадды коргоо комитети» түзүлгөн. Мындан соң 20дан ашык саясатчы, блогер, укук коргоочу, активисттер кармалган.

Үстүбүздөгү жылдын 12-апрелде Биринчи май соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, тергөө абагында жаткан 7 адам ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарса дагы 15нин камактагы мөөнөтүн узарткан.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат. ИИМ иште далилдер жетиштүү экенин айтса, айыпталгандар өздөрүнө козголгон иштерди саясий куугунтук деп атап келет.

Количество просмотров: 117