Камактагы саясатчы Адахан Мадумаровдун жүрөгүнө стент койдуруу керектигин дарыгерлер айтышты. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда адвокат Кубанычбек Туманов билдирди.
«Мадумаровго жүрөгүн текшерген убактылуу медицинадык аппарат тагылган, 26-сентябрга караган түнү анын жүрөгү төрт жолу токтогону аныкталган, УКМКнын бейтапканасынын кардиологу тезинен операция жасоо керектигин айткан. Бирок биз ушул күнгө чейин Мадумаровду ооруканага чыгарып, ден соолугун карата албай жатабыз”, — деди Туманов.
Эске салсак, саясатчы Мадумаров 2-сентябрда кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 24-октябрга чейин камакта калтырган.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлганын маалымдаган.