• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Матсаковдун иши. Шаардык сот жактоочулардын өтүнүчүн четке какты

28 Үчтүн айы 202514:29 Бишкек Govori.TV

28-январда Бишкек шаардык соту камактагы адвокат Самат Матцаковдун бөгөт чарасы боюнча анын адвокаттарынын арызын карады. Отурумда адвокаттар ишти карап жаткан судьялар коллегиясынын эки судьясына жана прокурорго ишенбестик көрсөтүштү. Судьялар бул өтүнүчтү канааттандырган жок.

Эске салсак, УКМК камакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун, үч жылга кесилген акын Аскат Жетигендин жана журналист Актилек Капаровдун адвокаты Самат Матцаковду былтыр 29-ноябрда кармаган.

Количество просмотров: 187