• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сот жактоочу Матцаковду сыртка чыкпоо тил каты менен бошотту

24 Бирдин айы 202518:51 Бишкек Govori.TV

Сот адвокат Самат Матцаковдун баш коргоо чарасын өзгөрттүү. Адвокат сыртка чыкпоо тил каты менен бошотту. Бул тууралуу анын жактоочулары билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Самат Матцаковду 29-ноябрь күнү кармаган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын 30-ноябрга караган түнү аныктап, 30-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алган.

Атайын кызмат адвокатка козголгон иш тууралуу алты күндөн кийин гана – 5-декабрда маалымат берип, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” жана “Документтердин жасалмасын жасоо” беренелери менен кылмыш иши козголгонун кабарлаган.

Матцаков өзү жана адвокаттары айыпты четке кагып, «саясий жүйө» менен кармалганын айтышууда

.

Количество просмотров: 260