• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Адвокат Токтакуновдун кармалганы тууралуу милиция маалымат берди

25 Жалган куран 2022 12:39 Бишкек Govori.TV

Адвокат Нурбек Токтакуновдун кармалышы тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымат берди.

Маалыматка ылайык, Токтакуновду спецназ кызматкерлери эмес, катардагы милиция кызматкерлери Биринчи май РИИБине алып келишкен. Ал соттун чечимине ылайык 5 сутка камакта болот.

«2022-жылдын 17-мартында саат 10:00 чамасында Манас проспектисинде жайгашкан Россия Федерациясынын элчилигинин жанында тынчтык митинги болуп, ага 7-8дей адам катышкан.

Чогулгандардын арасында Токтакунов Нурбек Акбарович да бар болгон. Жогорудагы жаран тарабынан уятсыз сөздөр айтылып, ошол эле учурда сот бийлигинин өкүлдөрүнө акаарат келтирилген. Жыйынтыгында КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 126-беренеси «Майда бейбаштык» боюнча протокол түзүлгөн.

2022-жылдын 24-мартында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун имаратында жаран Токтакунов Н.А.га карата соттук отурум болуп, анда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Токтакунов Н.А. кылмышы боюнча КР Жазык-процесстик кодексинин 126-беренесинде каралган кылмышты жасаган жана 5 (беш) суткага камакка алуу каралган», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, бүгүн 25-мартта эртең менен Нурбек Токтакуновду кайрадан кармап кетишкени тууралуу анын жактоочусу Бакыт Автандил уулу билдирген.

Белгилей кетсек, кечээ, 24-мартта Биринчи Май райондук соту Токтакуновду Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренеси «Майда бейбаштык» боюнча Кыргызстандын бардык судьяларына акаарат келтиргендиги үчүн күнөөлүү деп таап, беш суткага камакка алуу чечимин чыгарган. Бирок, ошол эле күнү жактоочу Нурбек Токтакунов апелляциялык арыздын негизинде убактылуу кармоочу жайдан чыгарылды.

Количество просмотров: 108