• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Аэропорттон Бишкекке чейин экспресс каттам жүрө баштайт

23 Кулжа 2022 13:34 Бишкек Govori.TV

«Манас» эл аралык аэропортунан Бишкек шаарына экспресс каттам жүрө баштайт. Бул тууралуу Туризимди өнүктүрүүнү колдоо фондунун жетекчиси Елена Калашникова маалымат жыйында билдирди.


Анын айтымында, аталган автобустар аялдамаларга токтобостон түз аэропортко, кайра шаарга каттайт.


«Манас» аэропортунан Бишкекке экспресс автобустар каттап баштайт. Алар эч бир аялдамаларга токтобостон түз каттам аткарышат. Транспорт күнү-түнү жарым сааттык аралык менен жүрөт. Аталган автобустарда 18 орундуу болуп, баасы 150 сомду түзөт. Эки айдан кийин каттамга билеттерди онлайн сатып алса болот», — деди ал.


Мындан тышкры «Go bus» экспресс каттамдары июль айынын аягына чейин каттамга чыгары кошумчаланды.

Количество просмотров: 186