• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Аэропорттон чыгарылган 5 млн. доллар. 2014-жылы «Эл аралык «Манас» аэропорту» ААКты ким башкарган? (тизме)

1 Тогуздун айы 201919:09 Бишкек Govori.TV

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) беш жыл мурда «Эл аралык «Манас» аэропорту» ачык акционердик коомунан оффшордук компаниялар аркылуу 5 миллион доллар чыгарылып кеткенин аныктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, компаниянын жетекчилиги 2014-жылы аэропорттун аймагында жайгашкан, ошол кезде банкротко учураган ишкананын акцияларынын 100 пайызын сатып алуу боюнча келишимге кол койгон. Финансы полициясы ишкананын жетекчилиги башынан эле бул келишим майнапсыз экенин билип туруп кол койгон деп эсептейт.

Тергөөнүн жүрүшү жетекчи кызматкерлер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кылмыштуу келишим түзгөнүн, жеке кызыкчылыгын көздөгөнүн аныктады, — деп айтылат маалыматта.

Финполдун өкүлү белгилегендей, акциялардын баасы ал кезде 5 миллион доллар эмес, 100 миң сом гана болчу.

2014-жылдын декабрь айындагы жетекчилердин тизмеси:

Ибраимов Албек Сабирбекович — 2013-2016 жылдары «Эл аралык «Манас» аэропорту» ачык акционердик коомун башкарып турган. Кийин Бишкектин мэри болуп иштеген Албек Ибраимов 2018-жылы камакка алынган. Ага карата борбордун четиндеги Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу жана жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүүгө байланыштуу эки кылмыш иши козголуп, соттук териштирүү жүрүп жатат.

Бусурманкулов Абдималик Бурканбекович — Азыр да ал жерде иштөөнү улантууда, «Эл аралык «Манас» аэропорту» ачык акционердик коомунда өндүрүш башкармалыгынын төрагасынын орун басары.

Чукуев Эмир Майрамбекович — 2015-жылдан 2018-жылга чейин «Эл аралык «Манас» аэропорту» ААК башкармасынын төрагасы болгон.

Токобаев Даир Султанович — Азыркы учурда ишкердик менен алек.

Карыпбеков Илим Майрамбекович — 2015 -ж. мартынан 2019-жылдын март айына чейин Коомдук каналдын башкы директору болгон.

Количество просмотров: 34