• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Москва-Куляб багытында бараткан учактын жүргүнчүсү каза болду

19 Жалган куран 2024 15:59 Бишкек Govori.TV

Орусиялык басылмалар 18-март күнү кечинде «Урал аба жолдору» компаниясынын Москва-Куляб багытында бараткан учагында жүргүнчү өзүн жаман сезип, каза болгонун жазышты.

Учакта 92 жүргүнчү болгон. Учуу маалында алардын бири өзүн жаман сезип, стюардессалар жардам бере баштаган. Бирок жүргүнчүнүн абалы кескин начарлап кеткен.

Кырдаал аба кемесинин командирине билдирилип, ал Курумоч аэродромуна (Самара) пландан тышкары конууну чечкен.

Конгондон кийин реаниматологдор жардам көрсөтүшкөн, бирок натыйжа болгон эмес. Жүргүнчү каза болгон.

Количество просмотров: 1052