• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Аэропорттун кызматкерлери иштен алынды деген боюнча «Манас Менеджмент Компаниясынын» президенти кайрылуу жасады (видео)

16 Тогуздун айы 2019 10:36 Бишкек Govori.TV

«Манас Менеджмент Компаниясы» жабык акционердик коомунун («ММК» ЖАК) 100% акциясын «Манас» эл аралык аэропорту» ААК ээлик кылат. Компания төмөндөгү багыттар боюнча ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырат:

  1. Жүктөрдү түшүрүү, жүктөө, сактоо, сорттоо (Жүк терминалы)
  2. Каттамдарга борт тамак-аштарды даярдоо, комплектөө, Аба кемелерге жеткирүү (кейтеринг).

«КММ» ЖАК Аба кемелерди жерде тейлөө иштерин ИКАОнун талаптарына жана Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдарынын нормаларына жана эрежелерине ылайык жүргүзөт.

«ММК» ЖАКнын аймагы аркылуу «Манас» эл аралык аэропортунун перронуна чыгууга мүмкүнчүлүк бар. Кыргыз Республикасынын аба мызамдарына ылайык, «Манас Менеджмент Компаниясы» ЖАК авиациялык коопсуздук боюнча бардык нормаларды, эрежелерди жана процедураларды сактоого милдеттүү.

Белгилей кетүүчү нерсе, Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдарына ылайык, «Манас» аэропортундагы авиациялык коопсуздукту камсыздоо жоопкерчилиги «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын Бишкек филиалынын мойнунда.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттиги тарабынан «Манас» эл аралык аэропортундагы жүк терминалында, дегеле «Манас» аэропортунда авиациялык коопсуздукту камсыздоо чараларын күчөтүү талаптары коюлган.

Кыргыз Республикасынын Жарандык авиациясынын талаптарына жана Жарандык авиациянын эл аралык уюумунун (ИКАО) нормаларына ылайык, аэропорттун аймагындагы авиациялык коопсуздук системасы бирдиктүү болушу зарыл.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелердин талаптарына ылайык, «МЭА» ААК БФ Авиациялык коопсуздук кызматынын ишмердүүлүгүн күчөтүп жана тартипке келтирүү, системалоо үчүн «МЭА» ААК БФнын Авиациялык коопсуздук кызматы аркылуу жүк терминалындагы коопсуздукту камсыздоо сунушталган.

«ММК» ЖАКнын коопсуздук кызматынын кээ бир кызматкерлеринин нааразычылыктары негизсиз деп айтууга болот. «МЭА» ААК БФнын Коопсуздук кызматына функцияларын өткөрүп берүү жөнүндө «ММК» ЖАКнын жетекчилигинин чечими бул жөн гана операциялык ишмердүүлүк, эч ким иштен бошотулбайт. которула турган кызматкерлердин эмгек акылары жана социалдык жеңилдетүүлөрү сакталат.

Арыз жазууларын эч ким талап кылган эмес. Юридикалык жактан иштер иретке келтирилип бүтөрү менен кызматкерлер ишке чыгышат.

Ал эми, 3 айлык окуу жөнүндө айта турган болсок, мындай окуу курстары жок. Ошондой эле, аларды окутууга жөнөтүү үчүн 2019-жылдын бюджетине кажарат бөлүнүп, бекитилген эмес. Кызматкерлер кандай иштеп жатышса, ошондой ишке чыгып, ишмердүүлүктөрүн уланта берет.

Количество просмотров: 45