• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Афган элине 2 тоннага жакын дары-дармек түрүндө гумжардам берилди

18 Тогуздун айы 2023 11:35 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан афган элине 2 тоннага жакын дары-дармек түрүндө гуманитардык жардам берди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен боордош афган элине ар тараптуу жардам көрсөтүү максатында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, Айыл чарба министрлиги, Тышкы иштер министрлиги жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен турган гуманитардык экспедиция Бадахшан провинциясына, ошондой эле Афганистандын Кичи жана Улуу Памирине 2 тоннага жакын дары-дармектердин жана ветеринардык препараттардын партиясын жеткирди.

Медицина кызматкерлерине: педиатр, терапевт, стоматолог, гинеколог кирди, алар бийик тоолуу шартта, 4200 метр бийиктикте үч күн ичинде 600дөн ашык муктаж болгон жергиликтүү тургундарды медициналык кароодон өткөрүштү жана дарылашты.

Ветеринарлар эпизоотиялык абалды изилдеп, 700дөн ашык бодо малды жана майда малды эмдөөдөн өткөрүштү. Ошондой эле жергиликтүү тургундарга ветеринардык дары-дармектер берилип, аларды ар кандай оорулардын алдын алуу үчүн колдонуу боюнча окуулар өткөрүлдү.

Гуманитардык миссиянын жыйынтыгы боюнча ооган бийлиги жана Афганистанда жашаган этникалык кыргыздар президентке, министрлер кабинетине жана Кыргызстандын элине көрсөткөн ар тараптуу камкордугу үчүн ыраазычылык билдирип, бул жардамды тарыхый деп баалашты.

Количество просмотров: 104