• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Африканын түштүгүндө коронавирустун коркунучтуу жаңы штаммы аныкталды

26 Жетинин айы 2021 16:25 Бишкек Govori.TV

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) жетекчилиги Африканын түштүгүндө SARS-CoV-2 коронавирусунун жаңы штаммынын табылганына байланыштуу жума күнү чукул жыйын өткөрдү.

Вирустун бул түрү адистердин тынчсыздануусун жаратууда.

Жолугушуунун жыйынтыгында бул штаммды “кызыгуу” же “тынчсыздануу” жараткан коронавирустун вариациялар тизмесине киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынышы мүмкүн.

Бир катар адистер B.1.1.529 штамы мурда аныкталган штаммдардан, анын ичинен “дельтадан” алда канча коркунучтуу болушу ыктымал экенин айтышууда. Адистер азыркы вакциналар бул вируска туруштук бербей калышы ыктымал экенине тынчсызданышууда.

Бул арада Европа өлкөлөрүнүн көбүндө коронавируска байланыштуу абал начарлап кетти. Алардын айрымдары локдаун киргизип, кээ бири кишилер арасында байланыштуу азайтуу үчүн катуу чараларды кабыл алууда.

Количество просмотров: 381