• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Ахматов Ош облусунун прокурору болуп дайындалды

14 Кулжа 20249:02 Бишкек Govori.TV

Чыңгыз Ахматов Ош облусунун прокурору кызматына дайындалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка башкы прокурор кол койду.

Чыңгыз Ахматовду Ош шаарынын прокуратурасынын жамаатына жана Ош облусунун активине башкы прокурордун биринчи орун басары Б.Маатов тааныштырды.

Ч.Ахматов эмгек жолун 2004-жылы Талас облусунун прокуратурасынан баштап, Башкы прокуратурада, Жалал-Абад, Ош облустарынын прокуратураларында түрдүү кызматтарда иштеп келип, Чүй облусунун Токмок шаарынын, Ысык-Ата районунун жана Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын прокурору болуп эмгектенген.

Количество просмотров: 116