• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Ахматова: Медицина кызматкерлери үчүн дары-дармектер, медициналык шаймандар жетиштүү

24 Жалган куран 202018:55 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-мартта өлкөдөгү абал боюнча коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Ахматова онлайн брифингде маалымат берип жатат.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө медицина кызматкерлери үчүн дары-дармектер, медициналык шаймандар, тамак-аш, коргонуучу каражаттар бөлүнүп, жетиштүү түрдө берилип жатат.

«Саламамттыкты сактоо министрлиги тарабынан медицина кызматкерлердин тобу вирус катталган аймактарга жиберилүүдө. Интернетте пайда болгон Ош жана Жалал-Абад облустарына бригада менен жөнөтүлүп жаткан дарыгерлерди өзү менен кошо кургак тамак-аш жана коргонуучу кийим камдап алууга талап кылышууда деген маалымат чындыкка дал келбейт. Медицина кызматкерлеринин биримдигин бузууга багытталган маалыматтарды тараткандар аныкталып, кийинки чараларды көрүү үчүн тийиштүү органдарга берилет. Биздин медиктер – биздин жарандарыбыздын өмүрү жана ден соолугу үчүн күрөшүүдө өлкөнүн башкы ресурсу, биз аларды урматтайбыз, баалайбыз жана бардык керектүү каражаттар менен камсыздап жатабыз», — деди ал.

Количество просмотров: 67