• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ахунбай Кошой: Маселени чече албай жаткан жоопкерчиликтүү адамдарга чара көрүү керек

17 Аяк оона 2019 17:07 Бишкек Govori.TV

Маселени чече албай жаткан жоопкерчиликтүү адамдарга чара көрүү керек. Бул тууралуу күч түзүмдөрүнүн ардагери Ахунбай Кошой бүгүн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында бийлик тарабынан жергиликтүү тургундардын болгон талаптарын жана муктаждыктарын чечип берүүсү абзел. Буларды чече албай жаткан жоопкерчиликтүү адамдарга чара көрүү керектигин айтты.

Эске салсак, 14-сентябрда Лейлек районундагы Максат айылында такталбаган чек ара аянтында тажик тарап курулуш иштерин башташкан. Кечээ Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда тажик тарап биринчилерден болуп ок чыгарган. Анда Кыргызстандын чек ара кызматынын бир аскери каза таап, бир нече жаран жаракат алган. Бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Куралдуу күчтөрдүн аскердик-транспорттук учагы менен Баткен облусуна келгени кабарланган.

Количество просмотров: 39